07.08.2018 10:45

Ошто жарандар мамлекетти алдоо жолу менен муниципалдык үйлөрдү бекер алышканы аныкталды

Ошто жарандар мамлекетти алдоо жолу менен муниципалдык үйлөрдү бекер алышканы аныкталды

Ошто жарандар мамлекетти алдоо жолу менен муниципалдык үйлөрдү бекер алышкан факт аныкталды. Бул амалды ишке ашырууга аларга Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгынын айрым кызматтык адамдары көмөктөшкөн. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тактап айтканда, кызматтагы адамдар бул жарандарга  «Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкү жок» деген жалган маалымат жазылган документтерди беришкен. Бул кагаздардын жардамы аркылуу жарандар 5 муниципалдык турак-үйдү бекер алышкан.

Департамент кызматкерлеринин мындай мыйзамсыз иш-аракеттеринен мамлекеттин кызыкчылыгына доо келтирилген. 

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси «Кызматтык жасалмачылык»  жана  350-беренеси «Жасалма документти пайдалануу» менен кылмыш иши козголду. 

Учурда иш териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.